Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 24.09.2019 16:38

Кочкордогу «Чолпон» кинотеатры 14 млн сомго оңдолуп жатат

Turmush -  Кочкор районундагы «Чолпон» кинотеатры оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор айылынын борборундагы «Сейил» гүлбакчасында жайгашкан «Чолпон» кинотеатрын оңдоо үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен 14 миллион сом которулган. Бул каражатка кинотеатрдын ичи-тышы оңдолуп, тегерегине таш таман төшөлмөкчү. Андан сырткары отургучтар, кинотеатрга ылайыктуу жабдуулар, шаймандар алынат.

Кинодирекциянын директору Багдат Шаршенбаев: «Биз кинотеатрга кошумча 33 орундуу кичи зал жасап берүүнү сунуштап жатабыз. Негизинен кинотеатр 400 орундуу болуп курулган. Азыр мамлекеттик жана эл аралык стандартка ылайык 330 орундуу болуп жасалат», - деди.

«Чолпон» кинотеатры 1974-жылы курулуп, 1975-жылы ишке берилген. Сыйымдуулугу 400 орундуу болуп, алдында фойе, касса, даараткана, административдик бөлмөлөр, жер төлө курулган. Союз тарагандан бери кароосуз калган. 2012-жылдан бери Маданият жана маалымат, туризм министрлигинин алдындагы Кинофикация департаментинин карамагына алынган. Быйылкы жылы коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына байланыштуу кинотеатрды оңдоодон өткөрүп, Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушу Кочкор райондук акимчилиги тарабынан көтөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×