Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 25.09.2019 10:40

Кочкордогу окуучуларга укук бузуулардын кесепеттери түшүндүрүлдү

Turmush -  Кочкор районундагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө, И.Абылгазиев, Таалай Курткаев, К.Мамбеталиев атындагы орто мектептеринде жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, ошондой эле диний экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чарага Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери — милициянын кенже лейтенанты В.Тиленбекова, милициянын ага лейтенанты Соңкөл Жекшенбек уулу жана Кочкор районунун имам-хатиби Жеңиш Арзымкожоев катышып, жашы жете электер менен аңгемелелешүү, лекция өтүү жолдору менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аңгемелешүү учурунда окуучулар өздөрүн эркин алып, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине, имамга өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, жоопторду алышты. Мындай иш-чаралар райондогу башка мектептерде да улантылмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×