Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 26.09.2019 08:19

Т.Усубалиевдин 100 жылдыгы: Кочкордогу китепканаларда кече өткөрүлдү

Turmush -  Кочкор районунун Чолпон айыл аймагындагы китепканаларда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чолпон айыл аймагына караштуу №9 Чолпон айылдык, №30 Молдо Кылыч, №3 Туз, №21 Эпкин, №27 Ара-Көл айылдык китепканаларынын китепканачыларынын уюштуруусунда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деген аталышта кече өткөн. Анда окурмандарга Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу, саясий ишмердиги тууралуу маалымат берилди. «Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевге 100 жыл» аттуу китеп текчеси, көргөзмөлөр да көрсөтүлдү. Ошондой эле Т.Усубалиевдин өмүр жолу тууралуу сахналаштырылган оюндар көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө чакан концерт тартууланды.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер. 1961-1985-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-секретары кызматын аркалаган.

Турдакун Усубалиев 3 ирет Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, 1-даражадагы «Манас» ордендери, Россия Федерациясынын «Достук» ордени менен сыйланган. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын «Ак шумкар» өзгөчө белгисине таттыктуу болгон.

Ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, алдыңкы өнөр-жайлуу өлкөгө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө өз салымын кошкон. Кыргызстанды жана борбор калаа Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарын социалдык-экономкалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген. Ал өлкөбүздү жетектеген 1960-1970-жылдары өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулган. Ошол мезгилде 150дөн ашык ири өнөр жай имараттары, 511 миңден ашык көп батирлүү үйлөр, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген. Ар бир райондо райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Космосту изилдөө боюнча институт ачылып, айдын топурагын ала турган атайын аппарат жасалган. Токтогул жана башка ГЭСтер, лампа, цемент заводдору курулган. 1970-1980-жылдары республикада 7 эт комбинаты иштеп, жылына 25 миң тонна жогорку сапаттагы эт даярдалган. Ал учурда койдун башы 12 миллионго жетип, өндүрүлгөн 40 миң тонна меринос жүнү союздук башка республикаларга жөнөтүлүп турган. Булардан тышкары азыркы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын имараты, өкмөт үйү, борбордук китепкана, цирк, бир нече кичи райондор, «Манас» аэропорту сыяктуу ири курулуштар ишке киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×