Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 26.09.2019 13:45

Кочкордо окуучуларга кылмыштын кесепеттери түшүндүрүлдү

Turmush -  Кочкор районунун мектептеринин окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 25-сентябрь күнү Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев Кочкор РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Венера Тиленбекова, Жекшенбек уулу Соңкөл жана Закир Кожокматов менен биргеликте К.Мамбеталиев, Абылгазы уулу Ишенаалы жана Т.Курткаев атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушуу уюштуруп, окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучуларды билим алууга шыктандыруу максатында лекция окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Инспекторлор кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган сабактарды окуучулар менен бөлүшсө, Жеңишбек Арзымкожоев ыйман, адеп-ахлак жана билим алуу тууралуу лекцияларды окуп, анын ичинде китеп окууга кененирээк токтолду.

«Билим алуу китеп окуу менен башталат. Китеп окууга шыктануу үчүн "Эмне үчүн китеп окушубуз керек?” деген китепти окууну сунуштайм», - деди Жеңишбек Арзымкожоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×