Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 01.10.2019 17:50

Кочкордо 46 жаштагы киши таш үчүн кармалды. Сүрөт

Turmush -  Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынан Бишкек шаарына уруксатсыз курулуш ташын жүктөп бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Мамэкотехинспекциянын Жумгал-Кочкор боюнча аймактык башкармалыгынын башкы инспектору Рысбек Суранчиев билдирди.

Анын айтымында, Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынан «Жинбей» үлгүсүндөгү автоунаа шектүү катары токтотулган.

«Автоунаада курулушка керектелүүчү таш Бишкек шаарына жүктөлүп бара жатканы белгилүү болду. Жүктөлгөн таш болжол менен 2 тоннага жакын салмакта болот. Текшере келгенде таштын эч бир уруксат кагазы жок болуп чыкты. Автоунааны башкарган жаран ташка уруксат кагазын алуу керектигин билбей калганын айтты», - деди ал.

1973-жылы туулган кишиге Бузуулар жөнүндө кодексинин 174-6-беренеси менен 17 500 сом айып салынып, ташып бараткан курулуш таштары кайра өз ордуна төктүрүлдү. Аталган жаран жер казынасын пайдаланууга атайын уруксаттын (лицензиянын) өзгөчө шарттарын бузгандыгы тууралуу күнөөсүн мойнуна толук алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×