Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 01.10.2019 20:12

Кочкордо Карылар күнү белгиленди. Сүрөт

Turmush -  Кочкор районундагы мектептерде 1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде маданий иш-чара уюштурулуп, ага айылдагы аксакалдар чакырылган. Мектептин директору Акылбек Жапанов карыяларды куттуктап, белектерин тапшырды. Аларга арнап мектептин окуучулары чакан концерт да тартуулап, сый тамак уюштурулду.

Бул майрамды 1990-жылы БУУнун баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×