Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 02.10.2019 09:59

Кочкордо карыларга азык-түлүк таратылды

Turmush -  Кочкор районунда Карылар күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Нуркожо Исабаев быйыл 96-күзүн көрүп жатат. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Акыркы бир айдан бери ден соолугу начарлап, үйүнө барган адамды тааныбай, көп убакыттан бери төшөктөн тура албайт. Аны келини Гүлсайра Исабаева багып жатат.

«Атам төшөктө жатып калганына көп болду. Жолдошум Асанкалыйдын да көзү көрбөйт. Өзүмдүн кан басымым жогору болуп жатат. Атам мүнөздөп тамак ичип калды. Бизге араба керек болуп жатат. Анткени жуунтканда жана тамак-аш бергенде кыйынчылык туудуруп жатат. Жыл сайын келип, абалын сурап турганыңарга рахмат», - деди ал.

Майрамга утурлай Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы 100 жаштан өткөн 4 адамга, Улуу Ата Мекендик согуштун 2 катышуучусуна жана жалгыз бой, жардамга муктаж кары-картаңдарга, жалпы 18 адамга азык түлүк таратты.

«Биз райондун борборуна чукул айылда жашаган карыларга барып, жеринде учурашып, белектерибизди таратып келдик. Мындан сырткары ар бир айыл өкмөттөр карыяларга белектерди таратышты», - дейт акимдин орун басары Элмира Сыдыкова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×