Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 02.10.2019 15:13

Айыл турмушу: Азамат 100 миң сомдук дарбазаларды жасап сатууда

Turmush -  Кочкор районунун Кочкор айылынын тургуну Азамат Жеңишбек уулу 100 миң сомдук дарбазаларды жасап сатууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Азамат Жеңишбек уулу агасы Азат менен биргеликте 2 жылдан бери балка менен согулуп жасалган дарбазалардын түрүн сатып жатат.

«Буйрутма бергендер абдан көп болуп, жетише албай жатабыз. Бишкек шаарынан, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан да буйрутма беришет. Айрым кардарларыбыз чет мамлекеттен көргөн дарбазаларды жасап бер дешет. Алар берген сүрөттөрдү карап жасап жатабыз. Учурда балка менен согулуп, темирлери ийилген дарбазаларга суроо-талап көп болууда. Бул дарбазалар материалдын кымбат жана арзанына карап бааланат. Эң кымбат дарбаза 100 миң сомго чейин бааланууда», - дейт темир уста Азамат Жеңиш уулу.

Уста ага-инилер үйүнүн короосунда эле дарбазага буйрутма алышат. Алардын көп станоктору деле жок. Бардык жумуштарды кол менен жасашат. Алар алгач темирден тосмо жасап башташкан.

«Биздин алгачкы жумуш темир тосмо жасоо менен башталган. Мындай темир тосмолор көп эле жерде жасалгандыктан элден өзгөчө бир буюм жасап көрүүнү ойлодук. Байкап көрсөк кооз дарбазаларга суроо-талап көп болуп жатыптыр. Акырындан дарбаза жасоого өттүк.

Биздин жумуш бүт кол менен жасалат. Темирдин баарын кол менен ийип чыгабыз. Түз темирди сүйрү кылып ийүү үчүн колго станок жасап алганбыз. Калган жумуштар көз майыңды, күчүңдү ала турган иштер», - деди ал.

Ага-ини усталар темир дарбазадан сырткары эшик, селкинчек, балдар ойной турган сыймалактарды да жасашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×