Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 02.10.2019 16:21 На русском

Соң-Көл жайлоосунда 4 күн жана 4 түн жалгыз калган аял. Сүрөт

Turmush -  47 жаштагы Г.А. 4 күн жана 4 түн Соң-Көл жайлоосунун Кептеш жайытында жалгыз калган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 1-октябрда куткаруучуларга Кочкор районунун Теңдик айылынын 1965-жылы туулган тургуну А.А. кайрылып, жубайы Г.А. Соң-Көл жайлоосунда жалгыз калганын айтып жардам сураган. Ал эми өзү 28-сентябрь күнү Соң-Көл жайлоосунан Кочкор районуна малын айдап түшкөнүн билдирген.

«Жүк ташуучу унаа бузулуп калгандыктан өзүм жалгыз малды айдап чыккам. Аялым жайлоодо калган. Жайлоодон 28-сентябрда чыгып, Теңдик айылына 1-октябрь күнү эртең мененки саат 7:00дө жеттим», - деди аталган тургун.

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 кызматкери жана А.А. жайлоого 2-октябрда таңкы саат 03:45те 32-ашуу менен жетишкен. Аялды айылга саат 07:07де аман-эсен алып келишти.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×