Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 03.10.2019 21:12

Кочкордун Ак-Кыя айыл өкмөтүндө комбайнчылар сыйланды

Turmush -  Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагында дан эгиндерин жыйноо аяктагандыгына байланыштуу механизаторлор сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Кыя айыл аймагынын башчысы Тилек Турдубеков билдирди.

«Ак-Кыя айыл аймагында дан эгиндери толугу менен жыйналды. Жумгал районунан төрт комбайн жардамга келип, дан эгиндерин уюшкандыкта чаап беришти. Дан эгиндерин коромжусуз жыйнап бергендиги үчүн механизаторлорго айыл өкмөтү тарабынан сыйлыктар берилди. Алар үчүн атайын сый тамак уюштурулду», - деди Т.Турдубеков.

Ак-Кыя айыл аймагы Кара-Суу, Жаңы-Жол айылдарынан турат. Айыл аймагындагы 642 гектар айдоо аянтына арпа, 250 гектар аянтка буудай айдалган. Дан эгиндери ар гектарынан 24 центнерден айланды. Ошондой эле 765 гектар айдоо аянтынан 4483 тонна тоют топтолгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×