Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 04.10.2019 22:29 Жаңыланды: 12.10.2019 20:29

Айыл турмушу: Балчы С.Бакиров 5 айда 5 тонна бал өндүрө алат

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын тургуну Суеркул Бакиров 46 жылдан бери бал челек кармап, бал өндүрүп келет. Ал 5 айда 5 тонна бал өндүрө алат. Балчы менен аймактык кабарчы таанышты.

Суеркул Бакиров учурда 70 жашта, кесиби боюнча экономист. Тогуз-Торо районунда бир топ жыл иштеген. Кийин бул райондо бал өндүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар экенин билип, 1973-жылы 3 бал челек кармап, бал өндүрө баштаган.

«Тогуз-Торо районунда бир канча жыл иштеп калдым. Андан кийин Кочкор районуна 3 бал челек алып келип, бал өндүрүүнүн сырларын үйрөнө баштадым. Улам аарынын жашоосун үйрөнгөн сайын челектерди көбөйттүм. Кийин аары багууну жана бал тартууну үй-бүлөм үйрөнө баштады. 2005-жылдан тартып бал челектер менен ар кайсы райондорго көчүп-конуп бал чогулта баштадык. Бул аралыкта челектердин саны 140ка жеткен. Бирок 2 жыл удаасы менен аарылар ооруп өлүп калды», - дейт Суеркул Бакиров.

Азыр анда 100 үй-бүлө аары бар. Тактап айтканда 100 бал челек бар. Балчы Суеркул Бакиров аарылар кандай оорулар менен оорурун айтып берди.

«Аары баккан адам аарылардын кандай оору менен ооруп жатканын карап эле билет. Адамдардай эле биттеп, суук тийип ооруйт. Нымдуулук да аарыларга жакпайт. Аарыларга көзөмөл кылып, ооругандарын дарылап туруу кажет. Жумушчу аары 45 күн жашайт. Бул аары өлөрүнө чукулдап калганда кароолчунун милдетин аткарып, уянын оозунда турат. Анан бал чогултпай келген аарыларды челекке киргизбейт. Өлгөн аары муун ооруларына жакшы жардам берет», - деди ал.

Балдын 1 килограммын 250 сомдон ортомчуларга сатат.

«Кыргызстанда бал челек кармагандар көбөйүп, эл балдын кайсынысы дарычылык касиетке ээ жана күчтүү экенин билип калышты. Май айында чогултулуп тартылган бал жеңил жана дарычылыкка жакшы. Ал эми июль, август айларында тоо гүлдөрүнөн жыйналган бал күчтүү болот. Гүлдөр куурагыча аарылар бал чогулта беришет. Сентябрь айынын этегинен баштап аарыларга кошумча тамактар берилип баштайт. Ар бир челекке 7 кг бал берилет. Бир канча убактан кийин сироп же таттуулар берилет. Ушинтип азыктандырып отуруп, жазга даярданабыз. Күз айында азык аз болгондуктан аарылар агрессивдүү болуп калышат. Ушул учурда аарылар чагып албаш үчүн бир нерсе түтөтүп челектерди ачабыз. Суук түшкөндө челектин ядросундагы жылуулук 35 градус болушу шарт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×