Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 05.10.2019 18:16

Наамдар, акчалай сыйлыктар… Кочкордо мугалимдер сыйланышты

Turmush -  Кочкор районунда мугалимдердин кесиптик майрамы салтанаттуу ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы Астра Асаналиева маалымдады.

Салтанатка Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн мурдагы жетекчилери Аскар Осмонов, Венера Турдукулова, Искен Садырбаев, Ш.Мадабаева чакырылып, сый конок болушту. Салтанаттын ачылышында райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Улан Ѳзүбеков аткарылып жаткан иштер, мугалимдердин жетишкендиктери жѳнүндѳ айтып, кесиптик майрамы менен куттуктады.

Кочкор районунда 18 мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» тѳш белгиси, 19 мугалим ардак грамоталар менен сыйланышты. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» тѳш белгиси менен 2 мугалим, ардак грамотасы менен 2 мугалим сыйланды. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен 11 мугалим, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн ардак грамотасы менен 43 мугалим жана тарбиячылар, педагогикалык кызматкерлердин профсоюзунун акчалай сыйлыгы менен 70 мугалим жана тарбиячылар сыйланышты. Илимий-педагогикалык журналынын ардак грамотасы менен 14 мугалим, Кочкор райондук ички иштер бѳлүмүнүн ыраазычылык каты менен 2 мугалим сыйланышты. Мындан тышкары айыл ѳкмѳт башчылары ѳзүнүн аймагындагы мектептердин жана бала бакчалардын мугалимдерине жана тарбиячыларына ардак грамоталарды, акчалай сыйлыктарын тапшырышса, Семиз-Бел айыл ѳкмѳт башчысы Б.Акишов Ш.Абдылдаев атындагы орто мектепке 220 000 сомго ашкана жабдууларын, А.Бостонов атындагы орто мектебине 140 000 сомго музыкалык аппаратура, интерактивдүү доска, компьютер жана түстүү принтер жергиликтүү бюджеттин эсебинен алып берилгендигин, ал эми Арсы орто мектебине демөөрчү тарабынан 10 компьютер белек кыларын баса белгиледи. Райондук билим берүү бѳлүмү мектептерге жана бала бакчаларга материалдык жана моралдык колдоо кѳрсѳтүп иш алып барууда кѳптѳгѳн ийгиликтер жаралып жаткандыгын белгилеп, ар бир айыл ѳкмѳт башчылырына жана эмгек жамаатына ыраазылык каттарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×