Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 07.10.2019 14:35

Айыл турмушу: 101 жаштагы А.Жаманакова өзүнөн 30 жашка улуу кишиге турмушка чыккан

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Алтын Жаманакова быйыл 101 жашка чыкты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Алтын Жаманакова 1918-жылы Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. Анын жаштык кези согуш жылдарына туш келип, кыйынчылык күндөрдү башынан өткөргөн.

«Биз көргөн заманды эч качан көрбөгүлө. Жакшы заманды көрсөк экенбиз деп тилек кылчу элек. Кудайга шүгүр жакшы заманды көрүп жатабыз.

Сүт оозубуздан кете электе эле жашыбызды узартып айтып күйөөгө берип коюшчу. Мени да таякем доктурдан жашымды узартып кагаз алып келип, күйөөгө берип коюшкан. Бир жылга жетпей согуш башталып калып, күйөөмдү алып кетишти. Согуш башталганы аялдарга жана балдарга түйшүк түштү. Арык чаап, сугат сугаруу, дан оруп-жыюу иштерин аткарып, ал гана эмес Кара-Кужурга кетчү жолду да аялдар салган. Бардык тапкан-ташыганыбызды согуштагы аскерлерге деп жөнөтчүбүз. Жүндөн кийим токуп, бир чыны каймакты да сызгырып, согушка жөнөтчү элек. Өзүбүздүн кийимибиздин тамтыгы чыгып, ачка калчубуз. Эски кийимди улап жамай берип, материал деле жамаачыны көтөрө албай калган. Айылдагы айрым жашоочулар ачкалыктан өлгөн учурлар да болду. Жатканга жылуу жууркан жок, суук түшкөн убакта самандын ичине уктаган күндөрдү баштан өткөрүштү. Малдуу адам эле көп кыйналган жок окшойт. Ал күндөрдү эстегим да келбейт», - деди ал.

Алтын Жаманакова 23 небере, 49 чөбөрө жана 8 кыбыралуу болгон.

«Ошентип жүрүп күйөөмдөн кара кагаз келди. Кайын журтумдукунда жүрө бердим. Согуш басылгандан кийин төркүнүмө жиберишти. Төркүнүмө баргандан кийин мал доктурдун окуусун окуп, мал дарылап иштедим. 1946-жылы өзүмөн 30 жаш улуу Мажик деген адамга башымды байладым. Анын көзү өтүп кеткен жубайынан кыздары бар болчу. Алар мага каралашып, жок нерсемди алып беришчү. Ошентип биз 3 кыз, 3 уулду болдук. Мени азыр неберем Керээзбек багып отурат.

Жаш кезимде ушул айылдан топ келиндер болуп чий тартып келип, чий сокчубуз. Улам жашым жогорулаган сайын колумдун каруусу кетип, күчтүү болбой калды. Чийди күч менен тартып алчубуз, ошонун таасириби деп калдым.

Узак жашаганымдын себеби, ар дайым кыймылда болдум. Ушинтип отуруп калганыма аз эле болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×