Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 12.06.2014 10:29

Депутат Р.Акназарова өкмөттөн Кочкордо жергиликтүү тургундардын күчү менен ачылган бала бакчага колдоо көрсөтүүнү суранууда

Turmush -  «Республика» фракциясынын депутаты Роза Акназарова өкмөттөн Кочкор районундагы жергиликтүү тургундардын күчү менен ачылган бала бакчага жардам көрсөтүүнү суранууда.

Бүгүн, 12-июндагы парламенттин отурумунда билдиргендей, ага жергиликтүү кеңештин депутаттарынын атынан кат келип, анда Кочкор айылына бала бакча ачуу суранычы менен тийиштүү мамлекеттик органдарга бир нече жолу кайрылуу болгондугу айтылган.

«Бирок, эч кандай аракет көрүлгөн эмес. Андан кийин айыл өкмөтү имарат таап, 120 орундуу бала бакча ачкан. Ошондой эле, алар өз каражатына зарыл болгон эмеректерди алышты, эми бала бакчанын кызматкерлеринин эмгек акысы үчүн каражат бөлүүнү суранууда. Буга 1 млн 400 миң сом керектелет. Мен өкмөттөн аларды колдоосун суранат элем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×