Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 07.07.2014 11:31

Кочкордун Кара-Кужур айылынын жылдык бюджети болгону 300 миң сомду түзөт, -айыл өкмөт башчысы Н.Касымалиев

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айыл аймагынын 1 жылдык бюджети болгону 300 миң сомду түзөт, деп билдирди аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Нурташ Касымалиев.

Анын айтымында, айыл ички эки айылчадан турат, анда Сары-Булак (Кара-Кужур) жана Ак-Кыя айылдары кирип, жалпы 250 түтүн жашайт, анын 200 түтүнү Ак-Кыя айылында болсо, 50 түтүнү Сары-Булак айылында жайгашкан. Жалпы калктын саны 1,5 миң адам.

«Айылыбызда эч нерсе өспөйт, көпчүлүк калктын калың катмары мал менен алектенишет. Айыл тургундарынын алды мал чарба менен алектенишет. Айылда 2 китепкана, 1 маданият үйү, 1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 2 мектеп, 1 бала-бакча бар. Эки айылда тең таза суу менен камсыз болушкан. Айылдын 1 жылдык бюджети 300 миң сом, айрыкча огороддордон, анан 200 га кайра бөлүштүрүү фондунун чабынды жеринен салык түшөт. Калган 70-90% бюджетте турабыз», - дейт айыл өкмөтү Н.Касымалиев.

Тема боюнча: Фоторепортаж - Кочкор районунда «Кара-Кужур кымызы» аталыштагы кымыз майрамы белгиленди

Кочкор районунун Кара-Кужур айылында 36 фермер 726 жылкы байлашат

Фоторепортаж - Кара-Кужур айылындагы кымыз фестивалында Гүлазык тамагы көргөзмөгө коюлду

Фото - «Кара-Кужур» айылында болгон кымыз майрамында мыкты кымыздар аныкталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×