Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 19.07.2014 15:07

Сергек жашоого үндөө максатында түзүлгөн «Кочкор футбол клубу» расмий каттоодон өттү

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда түзүлгөн «Кочкор футбол клубу» расмий каттоодон өттү. Бул тууралуу аталган клубдун уюштуруучусу, активист Максатбек Жолдошбеков билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.
Анын айтымында, Кочкор районуна футбол клубун уюштуруу демилгесин 20 жылдан бери футбол жаатында эмгектенип, спортту өнүктүрүүгө салым кошуп келген Райымкул Түмөнбаев алып чыккан. Ал Кочкор районунан футболдук команда менен акыркы 5 жылдан бери республикалык мелдештерге катышып келет.
«Учурда расмий каттоодон өтүп футболчулар биригип бир кадамга баруу алдында турабыз. Буга чейин Кочкор районунун булуң-бурчунан курама командалар чыгып келген болсо, бул ирет бир кана «Кочкор футбол клубу» аркылуу чыгып, райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышабыз. Футбол клубунун башкы максаты айыл жериндеги жумушсуз жаштарды коомго тартуу, сергек жашоого үндөө жана спортко кызыктыруу менен аларга шарт түзүп берүү болуп эсептелет», - деди М.Жолдошбеков.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×