Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 04.09.2014 19:00

Кочкор районундагы оорулардын көбөйүшү бул - эл арасындагы тазалыктын жоктугунан болууда, - ҮМБнун директору

Turmush -  Мындай пикирди бүгүн, 4-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Медет Жумаев билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, Кочкор районунда тери оорулары боюнча 2013-жылдын жарым жылдыгына карата 13 котур оорусу катталса, быйылкы жылдын жарым жылдыгына карата 10 адам катталган. Ал эми сифилис былтыркы жылдын жарым жылдыгына карата 3кө азайса, гонорея оорусу менен ооругандардын саны 2 учурга көп катталган.

«Кочкор району боюнча энтеробиоз, аскаридоз, эпидпаротит, туберкулез оорулары былтыркы жылдын жарым жылдыгына карата өсүш берди. Мындай өсүүнүн себеби катары эл арасында тазалыктын начардыгы жана жер-жерлерде профилактика жоктугу. Ошондой эле эпидемиологдордун начар иштеши. Бирок буга карабай оорулулардын бардыгына карточка толтурулуп, убагында көзөмөл жүргүзүлүүдө», - деди М.Жумаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×