Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 17.09.2014 14:14

Кочкор районунун Соң-Көл айылында жаштарды ынтымакка чакыруу максатында көк-бөрү жана волейбол оюндары өтөт

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Соң-Көл айыл аймагында жаштарды ынтымакка жана биримдикке чакыруу максатында спорттук оюндардан мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Урмат Айманов билдирди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, учурда спорт оюндарын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Ошондой эле жаштарды ынтымак жана биримдикке чакыруу максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.
«Айыл жерлеринде жергиликтүү бийликтин демилгеси менен жаштар учурда алгылыктуу иштерге тартылып келет. Жаштарды ынтымакка чакыруу максатында спорттук оюндар мезгил-мезгили менен өтүп турат. Учурда даярдыктар көрүлүүдө», - дейт У.Айтматов.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×