Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 13.10.2014 10:35

Кочкор районунда бүгүнкү күндө 650га жерде дан эгиндери жыйнала элек,- райондук департамент

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда күзгү оруп жыйноо иштери толугу менен бүткөрүлө элек, учурда 650га жерден дан эгиндери чогултулбай келет. Бул тууралуу Кочкор райондук айыл чарба департаментинин башчысы Карыбек Түлеев билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, бул жылы күзгү оруп жыйноо иштери кечеңдеп жатат.

«Азыркы учурда дагы 650 га жер оруп жыйналбай келет. Ошондой эле Кочкор, Талаа-Булак, Кум-Дөбө айыл өкмөттөрүндө айдоо жерлерде оруп жыйноолор кечеңдеп жатат. Бардык техникалар жетиштүү азыр бардык жерде оруп жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Ал эми картөшкө 73% аткарылды», - К.Түлеев.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×