Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 20.10.2014 19:10

Кочкор районунда учурда 48 жаран кургак учук оорусу менен каттоодо турат

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор району боюнча кургак учуктун жугуштуу түрү менен 48 жаран каттоодо турат. Мындай маалыматты Кочкор райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Медет Жумаев билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу бул жылдын 9 айына 1 адамга өсүш берген.

Жалпы район 2014-жылдын 9 айына карата кургак учук менен ооругандардын саны 48 адам болсо, анын 3 өспүрүмү 14 жашка чейин.

Кургак учуктун өлүм көрсөткүчү былтыркы жылы 3 адамга катталса быйылкы жылы 1 адамга көп катталган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×