Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 20.10.2014 20:00

Кочкор районунда кан басымы жогорулап кайрылган жарандардын саны 9 айда 785 адамга жетти

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда ооруларга чалдыккан адамдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Кочкор райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Медет Жумаев билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка карасак, кан басымынын жогорулашы боюнча 2013-жылдын 9 айына карата ооругандардын саны 778 адамды түзгөн болсо, бул жылдын 9 айында 785 адамга жетти.

Ал эми, бронхиалдык астма оорусу боюнча 2013-жылдын 9 айына карата 47 учур катталса, быйылкы жылдын 9 айына карата 48 адамды түздү. Ошондой эле, аз кандуулук боюнча жабыркагандардын саны өткөн жылы 491 адам болсо, быйылкы жылы 404 адамга жетти.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×