Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 22.10.2014 18:34

Кочкор районундагы көпчүлүк балдар бакчаларына ата-энелер тарабынан эмеректер менен ашкана аяктары алынган, - райадминистрация

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы көпчүлүк балдар бакчаларына ата-энелер жана демөөрчүлөр тарабынан чики эмеректер жана ашкана аяктары алынып келинген. Мындай маалымат райондун 9 айынынын жыйынтыгы менен маалым болду, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.


Анда маалым болгондой, райондун Семиз-Бел аймагындагы «Куруучу» бала бакчасына кошумча кенже группа ачылып, ата-энелер бардык керектүү эмеректерди алып берсе. Демөөрчүлөр тарабынан 10 миң сомго таза суу киргизип, 13 миң сомго ашканага идиш-аяктарды алынган. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн каржылоосунда 100 миң сомго жылытуу  системасы толугу менен ремонттолгон.

Ал эми «Балаты» бала бакчасы  мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен 360 миң сомго тегереги толугу менен тозулса, «Асел» бала бакчасы өткөн окуу жылында «Мыкты бала бакча» кароо-сынагында үчүнчү орунга ээ болушкан.

Ошондой эле «Үмүт» бала бакчасы 2 га жерге буудай, чөп 20 сотый жерге кызылча, капуста, сабиз айдап, түшүмдөрүн жыйнап келишет. Ал эми «Ак тилек» бала бакчасында Кочкор айыл өкмөтүнүн жардамы менен  180 миң сомго таза суу киргизилген.

Кошумчалай кетсек, «Ак тилек» жана А.Эсеналиев атындагы бала бакчалары 2014-жылдын облустук «Мыкты бала бакча» кароо-сынагына катышуу үчүн даярдыктарды көрүп келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×