Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 24.10.2014 17:50

Кочкор районунда «Билим сапатын жакшыртууда окуучуларды окутуудагы кээ бир ыкмалар» атту семинар өткөрүлүүдө (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда бүгүн, 24-октябрда Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясында Нарын облусунун бардык райондорунан келген делегаттардын жолгушуусунда «Билим сапатын жакшыртууда окуучуларды окутуудагы кээ бир ыкмалар» атту семинар болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Семинардын негизги максаты Нарын облусундагы мектептер арасында иш тажрыйба алмашуу болуп саналган. Семинардын алкагында келген делегаттар Н.Жүндубаева атындагы мектеп гимназиясынын окутуудагы кандай методдор менен иш алып барып жаткандыгын жана аны менен бирге жалпы мектептин тарыхы боюнча толук маалымат алышты. 

Семинардын аягында Н.Жүндубаева атындагы орто мектебинин окуучулары даярдаган чакан концертке күбө болушту.

нинакан кочкор (2)нинакан кочкор (3)нинакан кочкор (4)нинакан кочкор (5)нинакан кочкор (6)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×