Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 28.10.2014 15:28

Кочкор районунда 9 айда 22,4 миң тоона сүт өндүрүлгөн

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор району боюнча 2014-жылдын 9 айында 22,4 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Мындай маалымат райондун 9 айынынын жыйынтыгы менен маалым болду, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Маалыматка карасак, бул жылдын 9 айында сүт өндүрүү былтыркы жылга салыштырмалуу 223 литрге көп өндүрүлгөн. Бул жылы толук кандуу 22420 тонна болуп 101,0% аткарылган.

Кочкор райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Жакышылык Замирбек уулу билдиргендей, 9 ай ичинде эт өндүрүмү 8421 тонна болсо, жумуртка 1342 миң даанага жеткен. Ошону менен бирге жүн өндүрүү 501 тоннага жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×