Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 30.10.2014 11:25

Кочкор районунда 9 ай ичинде тоо кен казуу өнөр жайы 24,7 млн сомду түздү

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор району боюнча экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча тоо кен казуу тармагы 24 млн 737 миң 900 сомду түздү. Мындай маалымат райондун 9 айынын жыйынтыгы менен белгиленди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Иштетүү өнөр жайы 14 млн 411 миң 800 сом. Анын ичинен текстиль жана тигүү өнөр жайы 1509,3 миң сом, жыгач кагаз иштетүү, полиграфия ишмердүүлүгү 1098,7 миң сом, электр жабдууларды өндүрүү 166,1 миң сом, башка өндүрүштөрдү оңдоо жана унаа жабдууларын оңдоо 248,2 миң сом болсо тамак-аш өндүрүү, ичимдиктер менен чылымды кошкондо 10216,3 миң сомду түздү.

Суу менен камсыз кылуу, калдыктарды тазалоо менен кайра иштетүү тармагы 1339,6 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×