Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 05.11.2014 16:48

Кочкор районунун Кош-Дөбө айылына 32 млн сомдук инвестиция тартылган

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кош-Дөбө айылына бул жылга жалпы 32 млн сом инвестиция тартылган. Мындай маалыматты айыл өкмөт башчысы Темирболот Абыкеев билдирди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын маалыматына карасак, аталган каражатка Кара-Күңгөй жана Кара-Саз айылдарын бириктирген көпүрө курулган, айылдагы маданият үйү оңдоодон өткөрүлсө, айылдын төмөн тарабына мечит салынып пайдаланууга берилген. 

Андан тышкары айыл ичиндеги таза суу реконструкциядан өткөрүлүп, дагы 2 чакырмдын тегерегиндеги жолго асфальт төшөлгөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×