Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 21.11.2014 12:51

Кочкор районунда ишкерлер Бутан жана Перу өлкөлөрүнө картошканын үрөнүн сатууну пландашууда

Turmush -  «Кочкор Элита» кооперативи 2004-жылдан бери картошканын элита түрүнүн үрөнүн өстүрүп, элге жеткизип келүүдө. Мындай маалымат кечээ, 20-ноябрда Нарын шаарынын Жаштар Ордосунда КРнын соода сатык жана айыл чарба күнүнө карата өткөн жашылча жемиштердин көргөзмөсүндө белгилүү болду.

«Кочкор Элита» кооперативинин жетекчиси Кушбек Бейшенкуловдун айтымында, алар өндүргөн картошка үрөндөрүн Бутан жана Перу өлкөлөрү сатып алууну сунуштаган. Бирок картошка үрөнүн өндүрүүчү аянт кичине болгондуктан башка өлкөгө картошка үрөнүн экспорттоого мүмкүнчүлүк жок болууда.

«Азыр картошканын үрөнүн айдай турган аянт кичине болгондуктан башка өлкөлөргө сатууга болбой жатат. Бирок келечекте башка ишкерлер менен биригип, кооперативди кеңейтүү менен Бутан жана Перу өлкөлөрүнө картошканын үрөнүн саталы деп жатабыз», - дейт Кушбек Бейшенкулов.

Бейшенкулов картошканы бир жерге айдай берсе, түшүм аз болоорун да белгиледи. «Биздин кооператив эч кандай жер семирткичтерди колдонбостон, алмаштыруу жолу менен гана өстүрөт. Алгач үч жыл картошка аянтына эспарцет айдалат. Андан кийин картошкага зыяндуу отоо чөптөрдү жоготуу үчүн арпа айдап, кийинки жылы картошка айдайбыз», - дейт Бейшенкулов.

Кошумчалай кетсек, «Кочкор Элита» кооперативи Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жайгашкан. Кооперативде жалпы 8 адам эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×