Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 27.11.2014 16:30

Кочкор районунун Кара-Тоо айылында айылдык маданият үйү айласыз абалда турат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Тоо айыл аймагында 50 жылга чейин өмүр сүрүп калган айылдык маданият үйү учурда айласыз абалда. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Жалпы төрт айылдын борбору болгон бул айылда ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундар эч бир маданий иш чараларды айылдын деңгээлинде өткөрө албай келишет. Айылда жалпы 573 түтүн жашайт. 

Айылдагы эски маданият үйү 1967-жылы салынган. Жарым кылым өмүр сүрүп калган бул имарат 2006-жылы катуу жер титирөөдөн улам жарактан чыккан. Ал эми айыл өкмөттө бюджет жетишсиз. 

«Учурда айыл өкмөтү тарабынан маданият үйүнүн долбоору даярдалып жатат. Бирок жаңы имарат курууга айылда жер маселеси чечилген, бирок жогору жактан каражат маселеси тартыштык болуп жаңы маданият үйүнүн курулушуна каражат жок болуп келет», - дейт  айыл өкмөт башчысы Эмилбек Моңкоев.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×