Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 28.11.2014 12:30

Кочкор районундагы Кара Суу айылындагы «Ийгилик-9» бала бакчасынын ичи ирээтке келбей ыңгайсыз абалда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара Суу айылындагы «Ийгилик-9» бала бакчасынын ичи ирээтке келбей турган абалына айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештин төрайымы күбө болушту деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Атайы текшерүүгө келген айыл өкмөт башчысы Азизбек Сыдыканов жана айылдык кеңештин төрайымы Токтобүбү Абдрахманова бала бакчанын ичкинде балдардын бут кийимдери ирээттелбей ошол эле учурда тарбиячылардын кийимдери ар кай жакта илинип чар жайыт турган көрүнүштө болгон.

Бала бакчанын жетекчиси бир айлык эс алууга чыгып кеткендиктен калган тарбиячылар ишке жумушка кайдыгер мамиле жасап турган абалын көргөн жергиликтүү бийлик, бала бакчанын жетекчилигин чакырып тиешелүү чараларды көрүүсүн талап кылышты.

иретке бала бакча (1)иретке бала бакча (2)иретке бала бакча (3)иретке бала бакча (4)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×