Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 28.11.2014 13:28

Кочкор району боюнча 142 откананын бардыгы оңдоодон өткөрүлдү, - райадминистрация

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы 142 откананын ичинен бардыгы оңдоодон өткөрүлүп бардыгы ишке даяр болду.
Мындай маалымат райондук акимияттан кабарлашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда маалымдалгандай, 1- октябрга карата райондун экономика тармагына керектелүүчү көмүр толук тартылып бүткөн.  Анын ичинен билим берүү тармагында 103,0 %га, саламаттыкты сактоо тармагы боюнча 100%га маданият тармагы 100%га, коргоо тармагы 100%га аткарылган.

Ошол эле учурда элди көмүр менен камсыз кылууда бардык айыл өкмөттөрдө 12 көмүр кампалар уюшулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×