Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 01.12.2014 08:35

Кочкор району боюнча акыркы жылдары эхинококкоз жана альвеококкоз оорулары өсүш берүүдө, - Санэпид көзөмөлдөө борбору

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор району боюнча акыркы жылдары эхинококкоз жана альвеококкоз оорулары өсүш берүүдө, деп билдирет Кочкор райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун (МСЭКБ) жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Айнура Боронбаева.

Анын айтымында, акыркы 10 жыл аралыгында анализ көрсөткөндөй бул оорудан 122 учур көп катталып, өсүш берген, алардын ичинен 14 жашка чейинки балдар 24 учур же 20% түзгөн. 

«Негизинен эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларынын себеби мал чарбасынын менчикке өтүшү, ветеринардык кызматкерлердин жетиштүү камсыз болбогондугу, вет сервистердин өз деңгээлинде иш алып барбай жатканы, ошол эле учурда калк арасында түшүндүрүү иштеринин начардыгы менен байланыштуу», - деп эсептейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×