Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 01.12.2014 10:15

Кочкор районунда дыйкан, фермерлерге ЮСАИД уюму тарабынан 14 даана трактор алынып келген

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун дыйкан, фермерлерине 2013-2014-жылдары «Айыл Банк» ААКдан лизинг аркылуу жана ЮСАИД уюмунун кооперативдерди колдоо программасы аркылуу ар кандай үлгүдөгү 14 даана трактор алынып келинген. Бул тууралуу маалымат райондук мамлекеттик администрациясынан алынды, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Мунун ичинен 8 даанасы МТЗ-82.1 үлгүсүндөгү тракторлор, 1 даана МТЗ-920 трактору, 1 даана МТЗ-1025, 1 даана МТЗ-1533 үлгүсүндөгү жана 1 даана «GLAAS» үлгүсүндөгү ошондой эле, 2 даана Кытай Эл Республикасынын өндүрүшүнөн чыккан УТО-904 маркасындагы тракторлору алынган.

Ошондой эле, «Айыл Банк»ААКдан лизинг аркылуу жана ЮСАИД уюмунун кооперативдерди колдоо программасы боюнча 5 даана ППЛ-1,6 маркасындагы чөп таңгыч жана 1 даана СЗУ-4 үлгүсүндөгү үрөн сепкич алынып келинген.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×