Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 01.12.2014 14:00

Кочкор районунда сарык оорусунун «А» түрү 35 учурга, «С»түрү 16 учурга жана «В»түрү 18 учурга өсүш берген

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда оорулардын түрлөрүнүн өсүүсү жылдан-жылга көбөйүүдө. Мындай маалымат райондо болуп өткөн саламаттык сактоо тармагынын атайын кеңешмесинде белгиленген, бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Жыйында маалым болгондой, кургак учук оорусу менен ооругандардын саны 49 адамды түзүп өткөн жылга салыштырмалуу 11 учурга өскөн. Мунун ичинен кургак учуктун жугуштуу түрү 1 учурга өсүш берген. Ал эми кант диабетинин 2 тиби 283 учур катталып былтыркы жылга салыштурмалуу 56 учурга көбөйгөн.

Жугуштуу оорулар боюнча сарык оорусунун «А» түрү 35 учур, «С»түрү 16 учурга «В»түрү 18 учурга жана бруцеллез өнөкөтү 14 учурга өсүш берди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×