Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 02.12.2014 13:15

Кочкордогу «Чоң-Туз» шахтасы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлөт, - ишкананын ээси К.Байтереков

Turmush -  Кочкор районунун мурдагы акими, «Чоң-Туз» санаторийинин ээси Курманбек Байтереков «Чоң-Туз» шахтасын өз каалоосу менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берет. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-декабрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айыл эли ортосунда айырымчылыкты болтурбоо максатында бул чечимди кабыл алды. К.Байтереков билдиргендей, айыл жаштары ал объектти өздөрү алып иштеткилери келет.

«Бул ишкана 2010-жылдагы талап тоноочулуктан кийин дээрлик баштапкы абалына келген. Аны кайрадан түптөп, калыбына келтирүүгө азыр менин жашым, мүмкүнчүлүгүм да жол бербейт», - деди К.Байтереков.

Маалым болгондой, К.Байтереков Жогорку соттун чечими менен аталган санаторийди лицензиянын негизинде дагы 7 жыл иштетүүгө укугу бар.

Анын айтымында, айыл эли ортосунда айырымчылыкты болтурбоо максатында бул чечимди кабыл алды жана бул чечимди кабыл алуусу үчүн басым жасалган эмес.

Тема боюнча: Кочкордогу «Чоң-Тузду» өзүнө каттатып алган К.Байтерековдун учурда шахтаны иштетип кетүү мүмкүнчүлүгү жок, - агасы К.Байтереков

Фоторепортаж - Кочкордун Чолпон айыл аймагындагы «Чоң-Туз» шахтасында туздун 50 млн тонна калдыгы бар

Кочкор районундагы «Чоң-Туз» ЖЧКсын 4 жылдан бери рейдердик жол менен басып алгандар иштетип келет, - жабырлануучу

Кочкор районунун жашоочулары Чоң-Туз айылындагы шахтаны элге калтыруу талабы менен акцияга чыгышты (фото)

Нарын шаардык сотунда Чоң-Туз шахтасына тиешелүү талап тоноочулук боюнча соттук отурум өтүп жатат (фото)

Чоң-Туздагы талап-тоноочулук боюнча К.Байтереков 5 кишиге арыз жаздырып алып, күнөөнү Б.Жунушевге оодарууда, - айыпталуучунун карындашы

«Чоң-Туз» шахтасындагы курорт талап-тоноодон кийин 4 млн сомдук зыянга учурагандыгы маалымдалды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×