Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 02.12.2014 13:25

Кочкордогу «Чоң-Тузду» өзүнө каттатып алган К.Байтерековдун учурда шахтаны иштетип кетүү мүмкүнчүлүгү жок, - агасы К.Байтереков

Turmush -  Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүндөгү «Чоң-Туз» шахтасын анын ээси Курманбек Байтерековдун иниси Калдарбек Байтереков өзүнө каттатып алган. Бул тууралуу К.Байтереков бүгүн, 2-декабрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы өзү ооруканада болгондо, аны жетектөө милдетин иниси К.Байтерековго убактылуу өткөрүп берген.

«Мен санаторийди айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү чечимин кабыл алгандыктанбы, айтор ал үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында «Чоң-Тузду» өзүнө каттатып алыптыр. Бул тууралуу мени менен акылдашкан эмес. Мен анын ишмердүүлүгүн тескей албайм. Ал эми мыйзам боюнча анын күчү канчалык мен айта албайм», - дейт Курманбек Байтереков.

Ал белгилегендей, учурда үстүнөн арыздар түшүүдө. «Менин үстүмдөн арыз жазууга эмне себеп болгондугун билбейм. Азыр шахтаны иштетүү максатында талаш жүрүүдө, бирок иш жүзүндө ал оңой эмес. Ал үчүн көп суммада каражат салуу керек. Шахтаны калыбына келтирүү үчүн кеминде жарым млн доллар талап кылынат», - деди К.Байтереков.

К.Байтерековдун билдирүүсүндө, «Чоң-Тузду» өзүнө каттатып алган иниси Калдарбек Байтерековдун учурда шахтаны иштетип кетүү мүмкүнчүлүгү жок.

Тема боюнча: Кочкордогу «Чоң-Туз» шахтасы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлөт, - ишкананын ээси К.Байтереков

Фоторепортаж - Кочкордун Чолпон айыл аймагындагы «Чоң-Туз» шахтасында туздун 50 млн тонна калдыгы бар

Кочкор районундагы «Чоң-Туз» ЖЧКсын 4 жылдан бери рейдердик жол менен басып алгандар иштетип келет, - жабырлануучу

Кочкор районунун жашоочулары Чоң-Туз айылындагы шахтаны элге калтыруу талабы менен акцияга чыгышты (фото)

Нарын шаардык сотунда Чоң-Туз шахтасына тиешелүү талап тоноочулук боюнча соттук отурум өтүп жатат (фото)

Чоң-Туздагы талап-тоноочулук боюнча К.Байтереков 5 кишиге арыз жаздырып алып, күнөөнү Б.Жунушевге оодарууда, - айыпталуучунун карындашы

«Чоң-Туз» шахтасындагы курорт талап-тоноодон кийин 4 млн сомдук зыянга учурагандыгы маалымдалды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×