Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 02.12.2014 18:11

Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүндөгү «Үмүт» бала бакчасы өзүнө бөлүнгөн жер аянтынан мол түшүм алышты

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүндөгү «Үмүт» бала бакчасына айыл өкмөтү тарабынан 1 га жер аянты кесилип берилген.

Быйылкы жылы бала бакчанын жамааты жерден 1,3 тонна буудай, 500 кг сабиз, 500 кг капуста, 630 кг картошка жана №955 Жол тейлөө ишканасына тиешелүү жердеги алма бакчадан 700 кг алма даярдашкан.

Ошондой эле бала бакчага тиешелүү 10 тонналык сактоочу жайы курулган.

Бала бакчада учурда 120 бала тарбияланат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×