Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 03.12.2014 11:18

Кочкор району боюнча тоюттун камы былтыркы жылга салыштырмалуу аз топтолду, - айыл чарба департаменти

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор району боюнча тоюттун камы былтыркы жылга караганда быйыл аз топтолду. Мындай маалыматты райондук айыл чарба департаментинин башчысы Карыбек Түлеев маалымдады, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, быйыл жалпы район боюнча 2014-жылдын 11 айына карата 71 миң 566,4 тонна даярдалган.

Ал эми былтыркы жылы бул сандар 75 миң 650 тоннаны түзгөн. Быйылкы жылдын тоютунун аз болушу суу тартыштыгы менен кургакчылык болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×