Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 03.12.2014 15:17

Кочкор району боюнча 21 бала бакча иш алып барса, дагы 10 бала бакча курулууга тийиш, - райондук билим берүү бөлүмү

Turmush -  Нарын облусунун Кочокр району боюнча бардык айыл аймактарда жалпысынан 21 бала бакча жаш жеткинчектерди тарбиялап келет. Учурда райондо 21 бала бакча болсо, балдардын көптүгүнөн улам дагы 10дон ашык бала бакча курулууга тийиш. Мындай маалыматты Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Искендер Садырбаев билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, азыркы учурда район боюнча жалпы 1510 жаш жеткинчек тарбияланса аларды 74 тарбиячы тарбиялайт.

Азыркы учурда окутуу тарбиялоо иши менен катар бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдоо таза суу киргизүү көмөкчү чарбаларын калыбына келтирүү менен бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×