Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 08.12.2014 11:15

Кочкордун Көк-Жар айылындагы мурдага бала бакчанын имараты 2 жарандын менчигине чыгып кеткен бойдон кайтарылган эмес (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө бүгүнкү күндө 100дөн ашык балдар бакчага баралбай келишет. 

Учурунда 1972-жылы 120 орунду бала бакча болуп курулган имараты, 1996-жылы ошол кездеги айыл өкмөт башчысы болуп кызмат кылган Станбек Султанов имараттын жарымын бир жаранга берсе кийинки келген айыл өкмөт Шабидин Калкыманов ошол эле жаранга кайрадан жарымын менчикке берип ошол бойдон толук менчикке чыгып кеткен. Мурда менчиктештирилип кеткен мамлекеттик имараттар кайрадан алынсын, деген токтом деле учурда иштебей калган өңдүү, мурдагы өкмөттүк имараттар кайда кайтарылган жок. 

Азыркы учурда бала бакча катары маданият үйүнүн бир жагына 35 орундуу бала бакча ачылган. 

Айылда 700дөн ашык түтүн бар. Айылга бул бала бакча аябай эле тардык кылат, себеби айылда дагы 50дөн ашык бала кезекте турат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×