Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 09.12.2014 15:42

Кочкор районуна караштуу Аблес уулу Алайдар орто мектебинде ата энелер жана окуучулар арасында «Мен ата-энемен үлгү алам» аттуу спорттук мелдеш өттү

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар орто мектебинин 9-класстын окуучулары жана ата энелер менен спорттук мелдеш өткөрүлдү. 

Мелдешти уюштуруучулар, Гүлзат Бегалиева, Чынара Абдрасулова жана Акылбек Жапановдор, мелдештин негизги максаты ата энелер менен мектептин ортосун жакындатуу болуп саналаарын, буга чейинки учурда ата энелер мектепке аз каттап өзүлөрүнүн балдары жөнүндө кабардар болуусу кээ бир гана ата энелерде болуп келгенин белгилешти.

«Негизинен бул идеяны мектептин парламенти сунушташкан эле. Эми минтип окуучулар жана ата-энелери менен бирдикте спорттук мелдеш өткөрдүк. Кийинки эстафетаны 8-класстын окуучуларына жана ата-энелерине өткөрүп бирдик», - дейт Г.Бегалиева.

Спорттук мелдеште кичи спорттун, жарышуу, топ ойноо, күч сынашуу түрлөрү камтылды. Мелдеш 9-класстын окуучулары жана ата энелеринен турган эки команда болуп «Бийиктик» жана «Ак-жол»командалары болуп өз ара күч сынашты. Жыйынтыгында «Ак-жол» командасы жеңишке жетишип сыйлоо баракчалары менен кызыктыруучу белектерге ээ болушту.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×