Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 15.12.2014 08:15

Кочкор районунун бийлиги Кара-Кужур айылындагы авариялык абалда турган Ү.Бейшеев орто мектебинин абалы менен таанышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбеков жетектеген жергиликтүү бийлик районго караштуу Кара-Кужур айылындагы авариялык абалда турган Үсөн Бейшеев атындагы орто мектебинин абалы менен таанышып чыгышты.



Анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бүгүнкү күндө мектепте 135 бала эки смен менен окуп жатышкан мектептин авариялык абалын көрүп чыгышты. Аталган мектеп 1977-жылы салынып, бир да жолу оңдоо иши жүргүзүлгөн эмес. Айыл тургундары бул көйгөйдү чечүү үчүн айылдагы эски дүкөндү 100 орундуу кылып ачууга өз күчтөрүн жумшап келишет, бирок каржылоо жагынан көмөкчү болгон өкмөт толук каражат которбогондуктан улам учурда анысы дагы бүтпөй жатат. Мектептин дубалдары ажырап, урап калуу коркунучунда турат.

Анда район акими бул маселе боюнча жогору жака кайрылып көмөктөшөөрүн билдирип өттү. 

Тема боюнча: Кочкордун Кара-Кужур айылындагы мектеп жараксыз абалга келип, эски дүкөндүн имаратында окууну пландап жатышат (фото)

Фоторепортаж: Кочкордун Кара-Кужур айылындагы Үсөн Бейшеев атындагы орто мектеби урап калуу коркунучунда

Кара-Кужур айылындагы эски дүкөндү мектеп кылып оңдоо иши каражаттын жоктугунан токтоп турат (фото)


Кочкор районунун Кара-Кужур айылындагы окуучулар кайрадан кооптуу мектептен билим ала башташты (фото)


Кочкор районунун Кара-Кужур айылынын тургундары мектептин авариялык абалынан улам балдарын мектепке жибербөөнү сунушташууда (фото)

Кочкордун Кара-Кужур айылындагы Үсөн Бейшеев атындагы орто мектептин абалы оор (фото+видео)

Кочкордун Кара-Кужур айылындагы мектеп авариялык абалда 5 жылдан бери эле келе жатат, - бөлүм башчы Э.Макишов (фото)

 

Кара-Кужур мектеп (1)Кара-Кужур мектеп (2)Кара-Кужур мектеп (3)Кара-Кужур мектеп (4)Кара-Кужур мектеп (5)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×