Turmush — Кочкор райондук И.Исаков атындагы китепканада Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын лауреаты Исабек Исаковдун 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Акын, жазуучу, журналист Исабек Исаковдун 90 жылдыгына арналып, «Жакшы акындын өмүрү ырларында» аттуу адабий-эскерүү кечеси өткөрүлдү.
Иш-чарага акындын уул-кыздары, туугандары, калемгерлер, айылдык китепканачылар жана башкалар катышты.
Исабек Исаковдун 90 жылдыгына арналган «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» аттуу слайд көрсөтүлүп, акынга арналган «Калем менен курган эстелик» аттуу китеп көргөзмөгө баяндама берилди. Андан соң акындын ырлары көркөм окулуп, анын сөзүнө жазылган обондуу ырлары аткарылды.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в TikTok — подпишись!