Turmush — Тоң районун Кажы-Сай айылынын 70 жаштагы тургуну Камчыбек Чотоев бала кезиндеги кыялын орундатып, учактын тетиктерин сатып алып, аны чогултуп чыкты. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аксакал менен таанышып кайтты.
Камчыбек аксакал 1956-жылы 2-сентябрда туулган. Төрткүл айылындагы Коммунизм атындагы мектепти аяктаган.
«Мектепте окуп жүргөндө Үсөн деген агайыбыз бар эле. Ал баарыбызга учакты моделдөөгө үйрөттү. Учактарга кызыктырып, ракета жасоо боюнча ийримдерди уюштуруп турчу. Ар кандай сынактарга алып барды. Анын арты менен моделдөөгө кызыгуум башталган», - деди ал.
Мектепти аяктагандан кийин учкучтар окуу жайына тапшырууну көздөп барган.
«Бирок жүрөгүң ооруйт экен деп кабыл албай койгон. Көрсө жөн эле алдап эле албай коюптур», - деди ал.
Каарманыбыз андан кийин телерадио оңдоо боюнча билим алган. Андан кийин аскерге чакырылып, Оренбург шаарында кызмат өтөгөн. 1980-жылы жубайына баш кошкон. Жубайлар 4 уул, 1 кызды өстүрүшкөн. Айылга келгенде ошол кездеги айылдашы да кызыгуусуна шык берген.
«Кажы-Сай айылында немец улутундагы Герцтен Лаур деген адам жашап, заводдо иштечү. Ал да учактарга жакын болуп, дельтаплан менен учуруп кызыктырган. Ошондо учагым болсо, учсам деп кыялдангам. Кыялым 70 жашка келгенде орундалып олтурат.
Анын уулу Герман Лаур учактын тетиктерин кайдан алса болот таап берип, анан тетиктери келгенде жардамдашып бирге чогултук. Ал өзү Кажы-Сайда чоңоюп, азыр Кант шаарында турат. Анын да өзү чогулткан учактары бар. Подмосковьеден тетиктерин буйрутма менен алдырып, анан бул жерден чогултуп чыктык. Тетиктерин алдырып анын ар бирин чогултуп чыгууга 1 жыл убакыт кетти. Жакында толук чогултуп бүттүк», - деди ал.
Учактын баасы 35 миң долларга айланган. Карыя аны пенсиясын чогултуп, мал жана айыл чарба мөмөлөрүн сатып алган. Учурда көптөн күткөн учагына учууга билим алууга белсенип жатат.
«Учакты учуруш үчүн Бишкек шаарынан атайын учкучтар окуу жайынан окуусун окуп келиш керек. Алар сертификат берип, учканга уруксат берсе учуп баштайбыз
Учактар учаа турган жер тилкелерин бөлүп берсе, жанына ангарларды курса, биз дагы балдарга үйрөтүп, алар айыл чарба иштеринде жакшы ийгиликтерге жетмек деп ойлойм», - деди ал.
Учактын салмагы 250 кг. 3 кишини көтөрүүгө эсептелинген. Жалпы күйүүчү майларды кошкондо 500 кг салмакта болот. Бишкекке учуп барып келүүгө 80 литр бензин сарпталат. 4000 метр бийиктикке көтөрүлө алат.
«Бийиктен жерге конушу да коопсуз. Эгер майы түгөнүп же өчүп калса авторатация менен жерге акырын конуп калат. Мындан улам коопсуз. Айыл чарбага пайдалуу. Талааларга баары дары-дармек чачууга, чек араны коргоого да пайдалуу. Ат, киши бара албаган жерлерге бара алат. Ошондой эле жогорку чыңалуудагы линияларды тейлөөдө тетиктерин алмаштырууга, көмөкчү болмок. Ошондой эле көлгө мыйзамсыз тоо салып жаткандарды караганда жардам бермек», - деди ал.
Анын айтымында учакты башкаруу да оңой. Учактар же тик учакты башкарууга караганда кыйла жеңил болот. Унаа башкарууну билгендер 1-2 жолу учуп көргөндө эле үйрөнүп кетет.
Анын бул аракеттерине дүйнөнү учагы менен айланып чыккан Союзбек Салиев да дем берген.
«Ал Ысык-Көлгө келгенде үй чакырсам учагы менен келген. Учагы менен асфальтка конуп анан үйгө чейин айдап келген. Ал менен баарлашкан дан кийин бала кездеги кыялымды ишке ашырууга абдан белсенип калгам», - деди ал.
Камчыбек аксакал учактан тышкары 80-90 метр тереңдиктен суу чыгарган бургулоочу станок ойлоп тапкан. Учурда аны менен балдары көлдөн тургундарына суу чыгарып берип кызмат көрсөтүп келет. Ошондой эле параход чогулткан. Аны көлгө салып сыноодон өткөргөн. Учурда параходдун сырткы келбетин жасалгалап жатат.
«Өзүм техниканы, темир-тезекти жакшы көрөм. Алардан бир нерсе жасап, ойлоп табууну жактырам. Аны менен катар тракторлорду чогултум. Алар менен жер айдоо, культивация иштерин аткарып келебиз. Ошондой эле кичи ГЭСтерди курганбыз», - деди ал.
Камчыбек аксакал 5 бир тууган. Бир туугандарынын баары кичинесинен техниканы чогултуу иштерине кызыгып, ошого жөндөмдүү болушкан.