Turmush — Ысык-Көл облусунун административдик борбору — Каракол шаарында мындан 100 жыл мурун курулган бир катар имараттар ушул күнгө чейин сакталып калган. Алардын бири — 130 жыл мурун курулган дарыкананын имараты.
Буга чейин Turmush басылмасы жазгандай, имарат Ленин көчөсү, №141 [Тыныстанов көчөсү] дарегинде жайгашкан. Ал болжол менен 1895-1897-жылдары Эриска аттуу соодагер тарабынан турак жай катары курулган.
1899-жылы бул имаратта дарыкана ачылган, ал Кыргызстандагы үчүнчү дарыкана болгон. Биринчиси — Пишпекте, экинчиси — Ошто ачылган.
СССР кулагандан кийин имаратта чек арачылар жана аскер кызматкерлери дарыланган медициналык пункт иштеген. Учурда бул имаратта дагы деле дарыкана иштейт.
Turmush буга чейин жазгандай, императордун 1889-жылдын 7-мартындагы буйругу менен Каракол шаары Пржевальск деп өзгөртүлгөн.
Каульбарс: «Каракол шаарынын Азияны изилдөөчү жана дүйнөдөгү белгилүү саякатчылардын бири Пржевальскийдин урматына аталганына сыймыктанам», - деп жазган.
1874-жылы Пржевальск шаарында 2 класстык мектеп ачылган. 1879-жылы 4 класстык билим берүү башталган. Татар мечитинде Курандын негиздерин, тарых, география, математика, ошондой эле мусулманча сабаттуулукту окуткан «Мактаб» мектеби пайда болгон.
1890-жылы бул жакка Россиянын борбордук губернияларынан, Поволжьеден жана Украинадан адамдар көчүп келе баштаган. 1897-жылга карата шаар калкынын саны 8000ден ашкан. 1919-жылы бул жерде 11 миң 610 адам жашаган.
1894-жылы шаардын алгачкы старостасы болуп Николай Михайлович Барсов шайланган. Тарыхый документтерде айтылгандай, ал шаардын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Мисалы, анын демилгеси менен 1894-жылы шаарда драмалык ийрим ачылган. Мектептердин, интернаттардын, китепканалардын курулушу башталган. Николай Барсовдун көп жылдык эмгегинин аркасы менен 1895-жылы шаарда анын урматына аталган парк пайда болгон [азыркы А.Пушкин атындагы парк].
Аскер дарыгери Барсов 1902-жылдын 14-майында өзүнүн демилгеси менен түзүлгөн Пржевальск шаардык элдик китепканасынын салтанаттуу ачылышына катышкан.
1908-жылдын 19-мартында Россия империясынын министрлер кеңешинин чечими менен Каракол шаарынын герби бекитилген. Ал бир убакта бүтүндөй Ысык-Көл уездинин герби болгон.
1909-жылы уезд башчысы В.А.Иванов, анын жардамчысы А.И.Беляев, ал эми шаар старостасы болуп Е.С.Локшаков шайланган. Шаар тургундары мал чарбачылыгы, дыйканчылык, балык уулоо жана аарычылык менен алектенишкен. 1909-жылы шаарда 5200 пуд бал өндүрүлүп, соода-сатык өнүккөн.
1913-жылы биринчи «Пржевальский сельский хозяин» журналы жарык көргөн. 1918-жылы 7 мектеп, аялдар гимназиясы, эркектер үчүн окуу жайы, 4 медресе жана ар кандай бирикмелер ачылган. Шаар Азияны изилдеген орус жана чет элдик окумуштуулардын базаларынын бирине айланган.
1918-жылдын 25-майындагы митингде Пржевальск шаарында совет бийлиги орнотулганы жарыяланган.