Turmush — Нарын облусунун Кочкор районундагы мектептеринде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугу жана жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча жыйын өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жыйынга жогорку класстын окуучулары, ата-энелер, мектеп жетекчилиги катышты. Кочкор райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Азис Аблабек уулу, Кочкор РИИБдин аймактык тескөөчүсү Айбек Кыдыралиев өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу, жол коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.
Ата-энелер алыскы сарайлардан барып келип окуган окуучуларга унаа берип жаткандыгын, эгерде андай учурлар катталса, айып пулдар салынып, мыйзамга ылайык жазага тартылаары айтылды. Ата-энелерге балдарды кечкисин сыртка чыгарбай, көзөмөлдү күчөтүү керектигин, унаанын ачкычын балдарына бербөө тууралуу, 18 жаштан ашканча унаа айдоого болбой тургандыгын айтышты. Ошондой эле Орозо айы учурунда мектеп окуучуларын ооз ачууга, таравих намазга өз алдынча жибербөө керектигин ата энелерге түшүндүрүштү.