Turmush — Кочкор районундагы мергенчилер тарабынан атылган чөөлөрдүн терилери комиссияга көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, мергенчилер тарабынан, февраль айында атылган 36 чөөнүн териси комиссияга көрсөтүлүп, анын ичинен 34 чөөнүн кулагына бирка басылды. Атылган чөөлөр ветеринардык дарыгердин көзөмөлүндө ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык атайын беккари чуңкурларына көмүлүп, тиешелүү тартипте хлорлонду.
Мергенчилердин айтымында февраль айында мындан көп чөө жок кылынган. Былтыркы жылдан берки сый акы берилбей келгендиктен кээ бир мергенчилер чөөлөрдүн терисин убара болуп, алып келбестен эле чуңкурга көмүп жок кылып салышкан.
Ошондой эле бул жолку комиссияга карышкырлардын териси алынып келген жок. Анын себеби карышкыр аткан мергендер терилерди сый акы төлөнгөн башка райондорго берип жиберип жатканы айтылды.
- Мергенчилер өткөн жылдын февраль айынан бери сый акы ала албай келгендиги тууралуу Turmush басылмасына кайрылгандан кийин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык министрлиги тарабынан сый акы төлөнө баштаган.