Turmush — Жумгал районунда малдын кесепетинен болуучу жол кырсыктарды алдын алуу максатында бодо малга түндө жарык берүүчү тасмалар байланып жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, караңгыда жарык чагылдыруучу тасмалар жолго чыккан малдын айдоочуларга көрүнүшүн кыйла жогорулатат.
Жол сакчылары буга катар эле мал ээлерине, малды көзөмөлсүз калтырбоого, жол жээгине жана автоунаа жолдоруна чыгарбоо, малдарыңарга жарык чагылдырган тасмаларды тынымсыз байлоону жана ар бир жаран өз малы үчүн жоопкерчиликтүү экенин эскертип жатат.