Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Т» кесилишинде жол жээгинде турган жаранды унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя бүгүн, 18-мартта саат 10:30 чамасында болгон.
Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына кырсык катталганын тастыктады.
Алдын ала маалымат боюнча, жөө жүргүнчүнү жол четинде турганда «Honda Civic» унаасы сүзүп кеткен.
«Окуя болгон жерге жол тескөөчүлөр барып иш алып барып жатышат. Ыкчам тергөө тобу да барды. Тийиштүү схемалар чийилип, материалдар топтолот. Айдоочу ошол жерде экен. Тергөөгө камсыздалат. Унаасы убактылуу токтотуучу жайга токтотулат», - деп айтылат маалыматта.