Turmush — Түп районунда элдик жыйын өткөрүлүп, анын негизги максаты жол унаа кырсыктарын алдын алууга багытталды, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, элдик жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын, билим берүү бөлүмүнүн, мектептердин, Түп РИИБдин, жол чарба мекемелеринин жетекчилери, ардагерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Элдик жыйында катталып жаткан жол унаа кырсыктары, алардын негизги себептери аныкталып, аларды болтурбоонун жолдору боюнча кеңири сөз болуп, ар бир мамлекеттик кызмат өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жол кырсыктарынын алдын алуу иштерин таасирдүү уюштурууну колго алды.
Жыйындын жүрүшүндө ЖКККББ тарабынан дайындалып берилген “Жол кыймылынын эрежелери” аталыштагы китепчелер бардык катышуучуларга тартылып берилди жана жол эрежелерин кошумча үйрөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.