Turmush — Чүй облусунда спорттук балыкчылар америкалык кундуздардын (норка) саны көбөйгөнүн белгилешүүдө.
Алардын айтымында, Бишкек шаарына жакын жайгашкан Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы суу сактагычтарда америкалык кундуз өзүн толук кандуу кожоюн сымал сезип калган.
«Биз балык уулоого келип, жээкке жаңы эле жайгашканыбызда, капысынан кара түстөгү, шамдагай жаныбар пайда болду. Ал бизге көңүл деле бурбай, буюмдарыбызды, кайырмактарыбызды, жемдерибизди тинтип чыкты. Бирок өзүнө керектүү эч нерсе таппай, жээкти бойлой чуркап өтүп, камыш арасына кирип кетти», — дешти балыкчылар.
Башка бир суу жээгинде эс алып жүргөндөр да ушуга окшош көрүнүшкө күбө болушкан.
«Бул — америкалык кундуз. Түндүк Америкадан Кыргызстанга алынып келинген инвазиялык түр. Абдан активдүү жырткыч. Ал жыл бою аңчылык кылып, алы жеткенинин баарын кармайт — балыкты, канаттууларды, бакаларды, жыландарды. Жакшы сүзөт жана мыкты чумкуйт. Азыр америкалык кундуз Чүй өрөөнүн абдан активдүү өздөштүрүп, жергиликтүү жырткычтарды сүрүп чыгарып жатат», — деди эколог Александр Сосновский.
Посмотреть эту публикацию в Instagram